Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 11/3
Ала-Бука айылындагы Ы. Кулбаев көчөсүндө жайгашкан трансформаторду ондоого көмөк көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука айылындагы Ы. Кулбаев көчөсүнүн жашоочуларынын 2019-жылдын 20-декабрындагы кириш № Кл- 564 сандуу арызын жана Ала-Бука РЭТИ нин башкы инженери М.Ниязбековдун катын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылындагы Ы. Кулбаев көчөсүндө жайгашкан трансформаторду ондоого сметада көрсөтүлгөн акча каражаты ажыратылып берилсин .
2. Көрсөтүлгөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 22 15 беренесинен берүү айыл өкмөтүнүн ФЭО бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |
|