Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 11/4
Жергиликтуүү бюджеттен Достук айылындагы Р.Токтониязов көчөсүнө асфальт төшөө максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө
Достук айылынын Новои жамаат уюумуна караштуу Р.Токтониязов көчөсүн ондоп түзөө жана асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Аскаров Нурбектин маалыматтын угуп жана талкуулап, маалыматтардын жыйынтыгы менен депутаттардын Ала-Бука айыл Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылынын Новои жамаат уюумуна караштуу Р.Токтониязов көчөсүн ондоп түзөө жана асфальт төшөө үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (демберүүчү) грантынын эсебинен 4 563 707 (төрт миллион беш жүз алтымыш үч миң жети жүз жети) сомдук долбоорго ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 1 563 707 ( бир миллион беш жүз алтымыш үч миң жети жүз жети) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 563 707 (бир миллион беш жүз алтымыш үч миң жети жүз жети) сом акча каражатын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Аскаров Нурбекге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Мамырбеков |
|