Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 11/6
Жергиликтуүү бюджеттен Ала-Бука айылындагы М.Айтакалов жана Назарматов көчөлөрүнө асфальт төшөө максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ала-Бука айылынын Коммунизм жамаат уюумуна караштуу М.Айтакалов жана Назарматов көчөлөрүн ондоп түзөө жана асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Аскаров Нурбектин маалыматтын угуп жана талкуулап, маалыматтардын жыйынтыгы менен депутаттардын Ала-Бука айыл Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын Коммунизм жамаат уюумуна караштуу М.Айтакалов жана Назарматов көчөсүн ондоп түзөө жана асфальт төшөө үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (демберүүчү) грантынын эсебинен 3 000 0000 ( үч миллион) сомдук долбоорго ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 6 391 264 (алты миллион үч жүз токсон бир мин эки жүз алтымыш төрт) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 391 264 (алты миллион үч жүз токсон бир мин эки жүз алтымыш төрт) сом акча каражатын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Аскаров Нурбекге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Мамырбеков |
|