Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 11/8
Ала-Бука айыл аймагындагы шайлоо участкаларына Пандус орнотуу жөнүндө
2020-жылы өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын шайлоого карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого активдүү катышуусун камсыз кылуу жөнүндөгү Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Атамкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагындагы шайлоо участкаларына Пандус орнотуу үчүн түзүлгөн сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБ бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоожана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Мамырбеков |
|