Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 11/9
Ала-Бука айыл аймагындагы Ала-Бука , Достук, Сары-Талаа жана Сапалак айылдарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо жөнүндө
АРИС агенттигинин “Айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо” программасынын алкагында Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануусу күтүлуп жаткан “Ала-Бука, Достук жана Сары-Талаа айылдарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука , Достук, Сары-Талаа жана Сапалак айылдарын ичуучу суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкаганда коомчулукту онуктуруу жана инвестициялоо агентствосу менен Ала-Бука айыл окмоту менен тузулгон макулдашуу жактырылып бекитилсин.
2. Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Ала-Бука айыл окмоту тийиштуу жумуштарды алып барсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Мамырбеков |
|