Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 02-марты № 21-1
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичиндеги бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы ,2020-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичиндеги бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы ,2020-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика башчысы Карымшакова Гүлмира Казаковнанын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүн 2019-жылдын 1 жылдык бюджетинин киреше чыгаша бөлүгү жөнүндөгү ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмиранын отчету жактырылсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү11947,6 миң сом бекитилсин.
3. Тендөөчү грант 6986,0 мин сомго , жергиликтүү бюджет 4111,6 мин сомго, атайын каражат 850,0 мин сомго бекитилсин.
4. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 01.01.2020ж. счетунда калган калдык бюджет 1163,0 мин сомго, атайын стету 343,5 мин сомго бекитилсин.
5. Жергиликтүү бюджеттен Чоң-Арык айылына бала бакча курууга өздүк салымга 1000,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Карымшаковага милдеттендирилсин,көзөмөлгө алуу бюджет комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |
|