Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21-2
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичиндеги аткарган иштери жана 2020-жылга аткарылуучу иш милдеттерин бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичтин 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы угулуп ,2020-жылга аткарыла турган иш планы жактырылды.2019-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча суроо-жооптор менен толукталып,такталып,2020-жылга карата аткарыла турган иш планын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы.
токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичтин 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга аткарыла турган иш планы жактырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиялардын төрагаларына тапшырылсын
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |
|