Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21- 3
Кетмен -Дөбө айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин бааларын жана келишим түзүүнү бекитүү боюнча.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусуна караштуу айыл чарба жерлеринин ижара акыларынын баалары, мөөнөтү бүткөн, келишими жок жер пайдаланып жүргөн жарандардын жерлерин аукционго койуу боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери боюнча адиси Токтоболот уулу Медеткандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XXII сессиясы.
токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлери боюнча адис Токтоболот уулу Медеткандын, депутаттардын билдирүүсү эске алынсын, 2020-жылга карата сунушталган баалары бекитилсин (тиркеме тиркелет), ижара мөөнөтү бүткөн жерлердин мөөнөтүн узартууда жерлердин асылдулуугунун төмөндүгү, мелиорациялык жактан толук камсыз болбогондугуна байланыштуу түз берүү жолу менен берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүүдө көп жылдан бери пайдаланып жана ижара акыларын толук жана убагында төлөп келген ижарачылардын кызыкчылыктары толук сакталсын. Ижарага жер алып пайдалануучулардын суу, токой жана башка объектилерин пайдалануу боюнча укуктары толук сакталсын.
3. Ижарага алган жер участогун кайтарууда жердин кыртыштуулугун, асылдуулугун алгачкы калыбында кайтарып алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жагы айыл чарба жерлери боюнча адиске тапшырылсын. Ижарага алган жерине мелиоративдик, рекультивациялык иштерди айыл өкмөтү менен макулдашуу жүргүзүү жагы ижарачыларга тушүндүрулсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчы И. Чороевге тапшырылсын.
5. Бул токтом wwwketmen-dobo.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |
|