Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21- 4
Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019- жылдагы аткарган иштери жана 2020 - жылга карата жайыт акысы боюнча
Кетмен – Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбаев Уландын 2019 - жылга чогулткан жана чыгымдаган отчетун жана 2020 –жылга түзгөн маалыматын угуп Кетмен – Дөбө айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы.
токтом кылат:
1. Кетмен- Дөбө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019 - жылга аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2020- жылга карата түзгөн иш пландары жана 440600 сомго, атайын техникалардан топтолуучу акча каражаттары 424000 сомго,фронталдык погрузчиктин 1 саатка иштегенине 2200 сом деп бекитилсин. Беларус. МТЗ -82,1 тракторуна жазгы айдоо себүү жана чөп престөө мезгилинде иштеген мезгилине 115000 сом 1 жылдык план бекитилсин.
3. ХОВО автомашинасына бекитиле турган баалары жазында айылдык кенештин депутаттарынын катышуусунда хронометраж жүргүзүү менен жазгы сессияга калтырылсын.
4. Кой жуутка 1 жылдык төгүлө турган акча каражаты 4000 сом,жайыт жерден өздөштүрүүгө бериле турган жерлерине 1 га жерге 1000 сом, балчелек коюуга берилген жерлерге 500 сомдон,жайыт акысы 2020 - жылга карата 1 баш кара – малга 90 сом,1 баш жандык малга 18 сом,1 баш жылкыга 90 сомдон деп белгиленсин.
5. Жазгы жайытка көчүп кетүү 15 апрель, кайра кышкы жайытка көчүп келүү 15 – октябрдан деп белгиленсин.
6. Токтомду аткарууга алуу жайыт комитетине,көзөмөлдөө айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |
|