Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 02-марты № 21- 5
Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө
Коомдук алдын алуу борборунун Уставын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Эсенбекова окуп тааныштырды ,суроо жооптор менен талкууга койулду жана иш алып баруу боюнча маалыматын угуп Кетмен – Дөбө айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы.
токтом кылат:
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары –КААБ)-айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана анын курамына кирген айрым участоктордун,калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө айыл өкмөтү менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм”Коомдук алдын алуу борбору”-коомдук бирикмесинин Уставы бекитилсин.
2. Коомдук алдын алуу борборунун иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо, мамлекеттик органдар,айыл өкмөтү жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде Уставдын негизинде уюштурулсун.
3. Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына ,көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрагаларына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тиркемеде:Устав -7 баракта
Төрага | О.Көксариев |
|
БЕКИТИЛДИ
Кетмен –Дөбө айылдык Кеңешинин
VII чакырылышынын XХI сессиясынын
№ 21- 5 токтому 2-март 2020-жыл
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы
Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары-КААБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүу аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Комерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
мамлекеттик тилде: “ Коомдук алдын алуу борбору” -коомдук бириикмеси;
расмий тилде: “Общественное объединение” “Общественно профилактический центр” Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде “КААБ” “КБ”.
Расмий тилде: “ОО” “ОПЦ”
3. КААБ өз ишин “Кыргыз республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо ,мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6. Комерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасы Жалал-Абад областы Токтогул району Терек-Суу айылы Калчоро көчөсү №1
КААБдын туруктуу иш алып баруучу органынын – Кеңешинин юридикалык дареги. Кыргыз Республикасы Жалал-Абад областы Токтогул району Терек-Суу айылы Калчоро көчөсү №1
КАБдын максаттары жана милдеттери
7. КААБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч аракеттерин мыйзам бузууулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгөбириктирүү.
1
8. КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр камтыйт:
жалпы алдын-алууну камсыз кылуу ( социялдык, экономикалык, саясий укуктук жана башка кылмыштуулуккка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
жекече алдын алуу ( мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
түздөн-түз алдын алуу ( конкретүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
9. КААБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
Мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
Мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекекче алдын алуу аракеттерин көрүү;
Мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
Мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракетенүүнү уюштуруу;
Укуктук билимдерди пропагандалоо;
Жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
Тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
Мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын ѳнүктүрүү боюнча сунуштарды,сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчѳлѳрүнүн катышуусун активдештирүү;
Ѳз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрѳшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнѳ дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
10. КААБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылыйык ишке ашырылат.
КАБдын укуктары жана милдеттери
11. КААБ ѳзүнѳ жүктѳлгѳн милдеттерди аткаруу үчүн тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:
Ѳзүнүн иши жѳнүндѳ маалыматтарды эркин жайылтууга;
Мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде ѳз укугун, КААБдын мүчѳлѳрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгѳ;
Ѳзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгѳ;
Мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
2
Ѳз жыйындарында жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин ѳкүлдѳрүн чакырууга;
Зарыл болгон учурда ѳз ѳкүлдѳрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары ѳткѳргѳн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгѳ;
Тейлеген аймагында жайгашкан ишканлардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдѳрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;
Мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгѳ, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш аракеттерди жасоого;
Жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгѳ, ички жана чет ѳлкѳлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет ѳлкѳлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
12. КАБ тѳмѳнкүлѳргѳ милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ѳз ишинин чѳйрѳсүнѳ тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
Дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун,жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында маалымдоого.
Мыйзам бузуу фактылары жѳнүндѳ ички иштер органдарына (мындан ары – ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды кѳрүүгѳ;
Коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын жетектѳѳчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгѳ;
Жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына ѳзүнүн иши жѳнүнѳ дайыма маалымат берүүгѳ;
Тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мѳѳнѳттѳ жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду ѳз убагында берүүгѳ;
Жалпыгы маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КААБдын иши жѳнүндѳ мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
КААБдын кадыр-баркы жана имиджи жѳнүндѳ кам кѳрүүгѳ, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КААБдын мүчѳлѳрүнүн укуктары жана милдеттери
13. КААБга мүчѳлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамаатык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
3
13. Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жѳндѳмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, коммерциялык эмес уюмдардын ѳкүлдѳрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин, кондоминиумдардын тѳрагалары жана ѳзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жѳндѳмдүү жарандар КААБдын мүчѳлѳрү боло алышат.
14. КААБдын мүчѳлѳрү ѳз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар –намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Респуликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
КААБдын мүчѳлѳрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
КААБдын мүчѳлѳрү тѳмөнкүлѳргѳ укуктуу:
Жалпы чогулуштарга катышууга;
КААБдын жетектѳѳчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгѳ;
КААБдын пландалган иш-чаралары жѳнүндѳ маалымат алууга;
КААБ тарабынан ѳткѳрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
КААБдын мүчѳсү төмөкүлѳргө милдеттүү:
КААБдын Уставын сактоого;
КААБдын ишине катышууга;
КААБдын жетектѳѳчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
КААБ тарабынан ѳткѳрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
КААБга мүчѳлүк тѳмѳнкү учурларда токтотулат:
Жеке арызынын негизинде;
КААБдын жетектѳѳчү органынын чечиминин негизинде КААБдын мүчѳлүгүнѳн чыгаруу;
КААБдын мүчѳсү каза болгондо;
КААБдын мүчѳсү ден-соолугунун абалы боюнча ѳз милдеттерин аткарууга жѳндѳмсүз болгондо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
КААБдан чыгаруу тѳмѳнкү учурларда жүргүзүлѳт:
Ушул Уставдын талаптарын бузганда;
Жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
КААБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
4 .КААБдын жетектѳѳчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
21. КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
22. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчѳлѳрүнүн үчтѳн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дѳн ашуун мүчѳсү болгон учурда – 25 мүчѳсүнѳн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
4
23. Жалпы чогулуштун ѳзгѳчѳ компетенциясын тѳмѳнкү маселелер түзѳт:
-Уставга ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
-Коомдук бирикменин мүчѳлѳрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);-
-Башкаруу органдарын түзүү тартиби
-Иши жѳнүндѳ жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
-Башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
-Кайра уюштуруу жана жоюу;
-Башка маселелер.
24. КААБ жалпы чогулуштун жыйындарын ѳткѳрүү жана мүчѳлѳрдү кат жүзүндѳ сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
25. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
26. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын Кеңеши (мындан ары – Кеңеш) саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
27. Кеңештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мѳѳнѳткѳ бекитилет.
28. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын ѳкүлдѳрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КААБдын мүчѳлѳрү болуп саналган жарандык коомдун ѳкүлдѳрү кире алышат.
29 Кеңештин чечими Кеңештин мүчѳлѳрүнүн жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
30. Кеңештин компетенциясына тѳмѳнкүлѳр кирет:
-Тѳраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
-Мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
-Кеӊештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
ЖӨБОнун жана КААБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
КААБдын мүчѳлүгүнѳ кабыл алуу жана КААБдын мүчѳлүгүнѳн чыгаруу;
Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳ активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жѳнүндѳ ѳтүнүч каттарын киргизүү;
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
31. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин тѳрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин тѳрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
32. КААБдын Кеңешинин тѳрагасынын компетенциясына тѳмѳнкү маселелер кирет:
КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
Баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КААБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
Келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу; 5
Банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескѳѳ.
КАБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин ѳзгѳчѳ компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
33. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
34. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчѳлѳрү жетекчилик кылышат.
35. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу ѳткѳрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары ѳткѳрүлүшү мүмкүн.
36.Кеңештин жыйынын Кеңештин тѳрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин тѳрагасынын орун басары алып барат.
37. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчѳлѳрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
38. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчѳлѳрүнүн кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин тѳрагасы же болбосо жыйынга тѳрагалык кылган адам кол коёт.
39. Кенештин чечими сунуштама мүнѳзүнѳ ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жѳнүндѳ маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
4. КААБда кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
40. КАБды кайа уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү КААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
41. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына ѳзгѳртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдын мүчѳлѳрүнүн 2/3 төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
42. КААБдын Уставындагы баардык ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалы күчкѳ ээ болот.
43. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик рсестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КААБ ѳз ишин токтотту деп саналат.
5. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
44. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчѳлѳрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
6. Ревизиялык контролдоочу органы
45. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мѳѳнѳткѳ шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
46. КААБдын жетектѳѳчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчѳсү боло алышпайт.
47. Ревизиялык комиссия(Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
48. КААБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) ѳз функцияларын аткаруусуна кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ милдетүү. 6
49. КААБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү КАБдын иши тѳмѳнкү булактардан каржыланат:
-Жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
-Юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу тѳгүмдѳрүнѳн;
-Гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
-Кандай формада болбосун кайтарылуучу жана тѳлѳнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.
50. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга кѳмѳк кѳрсѳтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана ѳткѳүп берүү менен КААБга ѳткѳрүп берүүгѳ укуктуу.
51. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жѳнүндѳ чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
52. Менчигинин түрүнѳ карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КААБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын кѳрѳ алышат.
53. КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КААБдын ыкчам башкаруусуна ѳткѳрүлүп берилүүгѳ тийиш.
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы О.Коксариев
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороев