Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21-6
Коомдук алдын алуу борборунун Кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө
Коомдук алдын алуу борборунун Уставына ылайык Коомдук алдын алуу борборунун Кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевдин сунушун угуп Кетмен – Дөбө айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы.
токтом кылат:
1. Коомдук алдын алуу борборунун Кеңешинин курамын түзүү боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушу эске алынсын жана кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилсин.
2. Курамга иш милдеттерине карата: айыл өкмөтүнө караштуу коомдук уюмдардын төрагалары,билим берүү мекемелеринин жетекчилери,айыл башчылар,айыл өкмөтүнүн участкалык инспектору, мектептердин соц.педагогдору, айыл өкмөтүнүн соц.адиси, айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана анын курамына кирген айрым участоктордун,калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө айыл өкмөтү менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта коомдук бирикмесинин Уставынын негизинде иш алып баруу бекитилген курамга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |
|