Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-март № 21-7
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Түзүлгөн иш план боюнча иш алып баруу туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Иш план боюнча тапшырылган иштерди өз учурунда аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О.Көксариев |
|