Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21-8
Терек-Суу айылынын тургуну Чороев Бакыитбек Каланбаевичке соода түйунү үчүн берилген жеринин профилин өзгөртүп жеке менчик турак жай участкасына айландырып берүү жөнүндөгү арызы боюнча
Терек-Суу айылынын тургуну Чороев Бакытбек Каланбаевичке 2010-жылдын 28-майындагы Кетмен-Дөбө айыл округунун № 38 токтомунун негизинде жеке менчикке орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча берилген 0,15 га. жеринин 0,07 га жер аянтын соода сатыкка,0,08 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде профилин өзгөртүп жеке менчик турак жай участкасына айландырып берүү боюнча арызын карап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы токтом кылат:
1. Чороев Бакытбек Каланбаевичтин арызы боюнча мурда пайдаланып жүргөн жалпы 0,15 га. жеринин 0,07 га жер аянтын соода сатыкка,0,08 га жер аянтын турак жай участкасына профилин өзгөртүп айландыруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын топтоп айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамына тапшыруу жер адис Т.Жөлөковго милдеттендирилсин.
2. Бул маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамы мыйзамдуу түрдө карап чыгып агарардык туруктуу комиссиясынын отурумуна сунушташсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |
|