Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21-10
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук уюмдардын курамын шайлаган элдик жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чоң-Арык жана Терек-Суу айылдарында болуп өткөн элдик жыйындардын протоколдору менен айыл башчылар тааныштырып өтүштү.Элдик жыйындын чечимин угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарында болуп өткөн коомдук уюмдардын курамдарын шайлоо жөнүндөгү протоколдору бекитилсин.
2. Коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашырууда ар бир коомдук уюмдун өзүнүн регламентинин негизинде иш алып баруу коомдук уюмдардын курамына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |
|