Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21-11
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Беш-Тал каналына кошумча насос куруу боюнча элдик жыйындын протоколун бекитүү боюнча
2020-жылдын 28-февралында Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү айыл чарба жерлерин толук кандуу суу менен камсыздоо максатында кошумча насостук станцияны Кишим-Колот участкасына куруу боюнча кабыл алынган элдик чогулуштун протоколун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы токтом кылат:
1. Кошумча насостук станция куруу иштери колго алынсын.
2. Кишим-Колот участкасына курулуучу насостук станциянын жайгашкан жерине жана М1 каналына чейинки 3 км труба өтүүчү жерлерге тиешелүү документтерди алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы И. Чороевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www ketmen-dobo.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |
|