Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21-12
Терек-Суу айылынын тургуну Тапкеева Динаранын айыл өкмөтүнүн муниципалдык жеринен кирпич чыгаруу үчүн жер участогун берүү боюнча кайрылган арызын кароо жөнүндө
Терек-Суу айылынын тургуну Тапкеева Динаранын кайрылган арызы боюнча жер адис Жолоков Турсуналы тааныштырып,айыл өкмөтүнүн башчысы Чороевдин маалыматы угулуп,жеке ишкерликти колдоо максатында жер берүү боюнча Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы токтом кылат:
1. Терек-Суу айылынын гаражы тараптан муниципалдык жерден кирпич чыгаруу үчүн 30 сотых жер келишимдин негизинде арыз ээси Тапкеева Динара берилсин.
2. Бул маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамы мыйзамдуу түрдө карап чыгып агарардык туруктуу комиссиясынын отурумуна сунушташсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |
|