Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-марты № 21-14
Чоң-Арык айылынын тургуну 2-топтогу майып Садырбекова Майрамкандын айыл өкмөтүнүн муниципалдык жеринен турак жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча кайрылган арызын кароо жөнүндө
Чоң-Арык айылынын тургуну Садырбекова Майрамкандын кайрылган арызы боюнча жер адис Жолоков Турсуналы тааныштырып,айыл өкмөтүнүн башчысы Чороевдин маалыматы угулуп, №13 Коргол атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин 20 жыл мурун бүтүрүүчү класстарынын бүтүрүүчүлөрү тарабынан турак жай куруп берүү сунуштары тааныштырылды демөөрчүлүк иштерди колдоо максатында жер берүү боюнча Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы
токтом кылат:
1. Арыз ээси М.Садырбекованын 2-группадагы майып,көп балалуу,турак жайсыз жана өтө жакыр үй бүлө экендиги эске алынып Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык жеринен 8,0 сотых жер турак жай салуу үчүн берилсин.
2. Турак жай куруу үчүн демөөрчүлүк кылып жаткан №13 Коргол атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин 20 жыл мурун бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана курулуш иштеринин өз учурунда бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алуу айыл башчы Н.Атабековго милдеттендирилсин.
3. Бул маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамы мыйзамдуу түрдө карап чыгып агарардык туруктуу комиссиясынын отурумуна сунушташсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |
|