Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 3
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 04.02.2020-жылдагы № 62-катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 04.02.2020-жылдагы № 62-катынын негизинде айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 31-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл аймагындагы Момбеков чек ара заставасынын имараты жана жер аянты муниципалдык менчикте катталып тургандыктан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын балансына өткөрүлүп берилбесин.
3. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук коргоо жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |
|