Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 5
Долбоорлорду Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунун мекемесине сунуштоо жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 31-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунун мекемесине төмөндөгү долбоорлор сунушталсын :
1) Жазгак айылындагы ФАПтын имаратын капиталдык ремонтоо
2) Жаӊы-Кыштак айылына 50 орундуу балдар бакчасын куруу
3) Таштак айылындагы 75 орундуу балдар бакчасына котельный куруу жана абадташтыруу
4) Борбордук маданият үйүн капиталдык ремонттоо
3. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |
|