Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 146
Күзгү оруп жыйуу иштеринин жыйынтыгы жөнүндө.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында күзгү оруп жыйуу иштеринин жыйынтыгы жөнүндө статист С.Жолдошованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айыл аймагынын айлдык кеӊешинин кезектеги ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында күзгү оруп жыйууда бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Үч-Терек айылындагы Наарын суусунун жээгиндеги көл баскан жерлерди коңшу айылдын тургундарынын айдап жаткандыктарына көзөмөл жүргүзүлсүн , айдоо жерлерди Үч-Терек ,Саргата айылынын жашоочуларына берүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге жана айылдык кеңештин агрардык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |
|