Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 149
Үч-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүүбоюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы Ысабаева Бурулайдын сунушун кароо жөнүндө.
Үч-Терек аялдар кеңеши тарабынан өткөрүлгөн жалпы элдик жыйынынын 2019-жылдын 07-декабрындагы протоколунун негизинде Үч-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча аялдар кеңешинин төрайымы Ысабаева Бурулайдын сунушун жанаҮч-Терек айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-октябрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап ,Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн төмөндөгү эмгек ардагерлери айымдарына Үч-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Усенова Күлүйпа Болокбаевна-мугалим,ардактуу эс алууда,№29 М.Нургазиев орто мектебинин экология жана жашылдандыруу кружогун жетектейт.
3. Чаргынова Клара-мугалим,ардактуу эс алууда,Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча “Аксакалдар сотунун” төрайымы.
4. Уркуналиева Дамира-Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы.
5. Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына ылайык төш белгисин жана күбөлүктү даярдоо жана аларды салтанатуу тапшырууну уюштуруу жагы айыл өкмөт башчысы Н. Молдомусаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүно кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |
|