Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 150
Депутаттар тарабынан айтылган суроо талаптарды сунуштарды бекитүү жөнүндө.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектеги ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектеги ХХХI сессиясында депутаттар тарабынан айтылган суроо талаптардын, сунуштардын иш чарасы бекитилсин.( Иш чара тиркелет)
2. Иш чаранын аткарылышы боюнча тийешелүү мекеме уюмдар менен бирдикте чечип аткарылышы боюнча билдирүү берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы коомдук башталыштагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |
|
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын
2019-жылдын 27-декабрындагы № 150 токтомуна №1 тиркеме
Үч-Терекайыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
XXXI - сессиясында айтылган суроо талаптардын сунуштардын
ИШ ЧАРАСЫ:
№ | Аты,атасынын аты | Суроо талаптардын сунуштардын кыскача мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким аткарат |
1 | Калматов Нурбек- депутат | 1.Техникасы бар айыл жарандары бош жерлерди гектарлап ээлеп айдап алып жатышат,ошолор боюнча карап,жерге муктаж адамдарга бирдей бөлүштүрүп берүүну карасаңыздар. | 2020-ж
| Айыл өкмөт
Жер адиси К.Абазов |
2 | Кулманбетов Зыпарбек -депутат | Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу көл баскан жерлердеги айдоо жерлерди Ничке-Сай,Өзгөрүш айылдарынын жашоочулары келип айдап алып жатыптыр ошолорду көзөмөлдөп,Саргата ,Үч-Терек айылдарынын жашоочуларына алып берүү жөнүндө.
| 2020-ж | Айыл өкмөт
|
3 | Маматсаев Акылбек – депутат | Үч айрылыштан Жетиген айылына чейинки аралыктагы жолдо таштар чыгып калды оңдоо маселесин кароо. | 2020-ж | Айыл өкмөт, ДЭУ №30 |
4 | Сейталиев Эдил ДЭУ-30 мекемесинин башкы инженери | 1.3 км 300 метр горячий асфальт боюнча киришүүнү колго алууну. 2.Биздин ишканага тиешелүү иштер боюнча кагаз жүзүндө билдирүү берүүнү. |
2020-ж |
Айыл өкмөт, Айылдык кеңеш |
5 | Султанкулова Нурилакан-депутат | 1.Башаламан болуп эл налогун эки төгүп жаткандыктан элдин талабы менен жайыт салыгын жер салыгынан атайын бөлдүк,ошондуктан 2020-жылда жайыт салыгын жер налогчулары кармоого тыйу салынсын. 2.Салык кызматкерлери ар бир кожолукка тиешелүү жерлери боюнча төгүлүүчү налогунун тизмесин даярдап жарандарга таркатууну тез аранын ичинде жүргүзүү жагы. |
2020-ж |
Айыл өкмөт
А.Ырысбаев |
6 | Сейдалиева Жаркынай депутат | 1.Азыркы убакта элде мал көп,баары толук жазылбай жатат ,жердин налогун көтөрбөй жарандардын малынын башынын санын толук жаздырбагандарын 2020-жылда так жана толук эсебин жазууну ишке ашырууну. | 2020-ж | Айыл өкмөт |
7 | Акаев Алмаз- төрага | 1.Биздин айылдарга таза суу келгени жатат элге чыгым болбош үчүн трассадан кожолук чекке чейинки аралык чектөөнү тактап берүү жөнүндө. 2.Жер налогун көбөйтүү боюнча биринчиден элге маалымат жасап,элдик жыйындарды өткөрүп,элдин талабына кароону. | 2020-ж
| Айыл өкмөт
ДЭУ №30 |
8 | Оморов Тойчу депутат | Үч-Терек,Өзгөрүш автожолунун 13 км деги Кызыл-Ураан айылындагы суу,суу курмарынын майдалыгынан аталган каттамдагы жолду каптап андан ары турак үйлөргө коркунуч туудуруп келүүдө.Ошондуктан бул жерге чоңураак курмарын коюп берүү жөнүндө | 2020-ж | Айыл өкмөт ДЭУ №30 |
9 | Султанкулова Нурилакан-депутат | Кара-Көл шаарына чектеш жайыт жерлерине элдер отурукташып тосуп,айдап алышкан ошол элдин тизмесин тактап,төлөгөнүн төлөтүп төлөбөгөнү боюнча маалымат берилсе биз Кара-Көл шаардык кеңеши менен биргеликте кошмо жыйын өткөрсөк. | 2020-ж | Айыл өкмөт, Кара-Көл жайыты боюнча өкүлү. |
10 | Калманбетова Жыпаркүл депутат | Уч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы соц.тармактардын жетекчилеринин иш алып баруусунда муктаж болгон нерселер боюнча билдирүүлөр берилди эле ошолор боюнча өкмөттүн келерки жылдын иш планына киргизилип, бюджетке карап колдоо көрсөтүлсө |
2020-ж |
Айыл өкмөт |