Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 151
Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин кызматкерлеринин ноябрь декабрь айларынын эмгек акылары үчүн 48372,0(кырк сегиз мин уч жүз жетимиш эки) сом бөлдүрүп берүү жөнүндө.
Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесининжайыт комитетинин кызматкерлеринин ноябрь декабрь айларынын эмгек акылары үчүн 48372,0(кырк сегиз миң үч жүз жетимиш эки) сом бөлдүрүп берүү боюнчажайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесининжайыт комитети тарабынан коюлган пландан ашыкча толтурулган 48372,0(кырк сегиз миң үч жүз жетимиш эки) сом акча каражатын жайыт комитетинин кызматкерлеринин ноябрь декабрь айлары учунэмгек акысына карап берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жалпы билим берүү мектептерине каралган 2224 статьясынан, 2222 статьясына 22,5 (жыйырма эки миң беш жүз)сом акча каражаты жылдырылсын жана Аппараттын 2511 статьясынан Аппараттын 2721 статьясына (жеңилдиктер)25,5(жыйырма беш миң беш жүз)сом акча каражаты жылдырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |
|