Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы № 153
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу “Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын куруу»- долбооруна өздүк салым үчүн акча каражатын чечип берүү жөнүндө.
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу «Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын куруу» долбоору Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондусу тарабынан каржылоого сунушталып жаткандыгына байланыштуу өздүк салым жана курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен 2020-жылга акча каражатын чечип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын куруу»-долбооруна өздүк салым үчүн 100000 (жүз миң) сом, ал эми курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө 24773,18 (жыйырма төрт миң жети жүз жетимиш үч сом, 18 тыйын) акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Аталган акча каражатын жергиликтүү бюджеттен өз убагында кечиктирбестен которуу жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3. «Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын куруу»- долбоорунун баардык документтерин толуктап, Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна тапшыруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |
|