Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы № 154
Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу менен 2020-жылда ишке ашыра турган долбоорлорду бекитип берүү жөнүндө.
Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу менен 2020-жылда ишке ашыра турган долбоорлорду бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу менен 2020-жылда ишке ашыра турган №1 тиркемедеги долбоорлор жалпысынан жактырылып бекитилсин.
2. Долбоорлорду ишке ашыруу жана долбоорлорду курууга керектелүүчү курулуш материалдары үчүн акча каражаттарын чечип берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |
|
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
2020-жылдын 27-январындагы VII чакырылы-
шынын кезексиз ХХХII сессиясынын № 154
токтомуна № 1 тиркеме
Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл өкмөтүндө
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу менен 2020-жылда ишке ашыра турган долбоордук сунуштар.
№ | Долбоордун аталышы | Жалпы катышуучу-нун саны | Каржылоо булагы |
1 | Көп жылдык бак өстүрүү боюнча окуу курсун уюштуруу долбоору. | 30 |
|
2 | Малдарды асылдандыруу боюнча окуу курсун уюштуруу долбоору. | 30 |
|
3 | Кондитердик азыктарды даярдоо боюнча окуу курсун уюштуруу долбоору. | 30 |
|
4 | Туризмди өнүктүрүү боюнча окуу курсун уюштуруу долбоору. | 30 |
|
5 | Жетиген айылына караштуу Такталык айылына 30м3 таза суу топтолуучу резервуар куруу долбоору. |
| Токтогул райондук атайын эсептен 300000сом. |
6 | Такталык айылына 3 км аралыктан диаметри 75 полиэтилен шлангасы менен таза суу түтүкчөсүн тартып келүү долбоору. (13 көчө таза суу менен камсыз болот). |
| Катар кайрымдуулук фонду тарабынан полиэтилен шлангасы каржыланат. |
7 | Жетиген айылына караштуу Тар-Туулук сайынан Ак-Жар участкасына 2 км аралыктан диаметри 75 полиэтилен шлангасы менен таза суу түтүкчөсүн тартып келүү долбоору. |
| Катар кайрымдуулук фонду тарабынан полиэтилен шлангасы каржыланат. |
8 | Кызыл-Ураан айылындагы таштанды таштоочу полигондун айланасын бетондоп, темир тор менен тосуу. (60х80=4800м2). |
| Жергиликтүү бюджет 75900 сом. |
9 | Саргата айылына караштуу Төө - Жүгүн участкасына мал ичүүчү каптаж куруу долбоору. (1,5 км аралыктан). |
| Жайыт комитети тарабынан каржыланат-70000сом. |
10 | Жетиген айылынын Чым участкасындагы кайрак, дың жерлерди өздөштүрүү үчүн узуну-50м, туурасы 0,5м, калыңдыгы -20см болгон сугат суу үчүн бетон каналын куруу долбоору. |
| Жамааттын салымы -30000 сом. |
11 | Саргата айылына караштуу Сары -Таш каналынын баш жагына сугат суу бөлүштүрүүчү темир щит орнотуу, бетондоо долбоору. |
| Курулуш материалда-рын 20000 сом жамаат каржылайт. |
12 | Жетиген айылына караштуу Бөлөк -Дөбө тоосунун Тар-Туулук сайынан Арал участкасына чейинки 2,2км аралыктагы менчик айдоо аянттарды, малдын тебелөөсүнөн сактоо максатында бетондоо, профилдөө,темир тор менен тозуп чыгуу. |
| Жамааттын салымы-70000сом, айыл өкмөт жергиликтүү бюджеттен 50000 сом. |
13 | Жетиген айылына караштуу Арал участкасынын Жинди-Булак булагынан 1,2 км аралыгынан диаметри 75 полиэтилен шлангасы менен таза суу түтүкчөсүн тартып келүү долбоору. |
| УИТ муниципалдык ишканасынан-20000 сом, жамааттын салымы-51000 сом. |
14 | Жетиген айылына караштуу Бегет арык каналынын авариялык абалдагы 60 метр аралыгын бетондоо. |
| Жергиликтүү бюджеттен 1 тонна цемент, курулуш материалдары үчүн жамааттын салымы- 12000сом. |
15 | Кызыл-Ураан айылына мал камак куруу. Узуну-40м, туурасы-30м, фундаменти -40см. |
| УИТ муниципалдык ишканасы, жамаат, айыл өкмөт. |
16 | Саргата айылындагы жайгашкан 3 даана жашоочуларды сугат суу менен камсыз кылуучу суу топтолуучу (БСР) нооту бетондоо, таш тизүү, тазалоо долбоору. |
| УИТ муниципалдык ишканасы-20000сом, жамаат-10000 сом. |
17 | Үч-Терек айылындагы таштанды таштоочу жайдын (полигондун) айланасын 100м х 100м=10000м2 |
|
|
18 | Жетиген айылындагы Бөрү-Дөбө участкасына 300 метр аралыктан таза суу түтүкчөсүн тартып келүү долбоору. |
|
|
19 | Жетиген айылындагы Жапа-Булак таза суу кампасына узуну 1,5 км, туурасы -45см, тереңдиги 1,40 см аралыктан кол күчү менен кошумча суу түтүгүн диаметри 75 полиэтилен шлангасы менен тартып келүү долбоору. |
| УИТ муниципалдык ишканасы, жамаат- 90000 сом.
|
20 | Саргата айылынын Осмон-Ата участкасына мал жуут куруу долбоору. |
| Жамааттын салымы -30000 сом. |
| Жалпы: |
|
|