Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 156
Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин отчету жөнүндө.
Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019- жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевдин 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. 2019-жылында Үч-Терек айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү,калкты социалдык жактан коргоо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жылдын башында пландалган иштердин негизинде аткарылгандыгы белгиленсин.
3. ”Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында” Үч-Терек, Саргата,Кызыл-Ураан айылдарына ичүүчү таза суу чыгарууда жаз алды менен толук кандуу иш жүзүнө ашыруу боюнча айыл өкмөт өз убагында жоопкерчиликтүү жумуштарды аткарууга алып,тиешелүү иш чаралар көрүлсүн .
4. Экономикалык тармакта айыл өкмөттүн бюджеттик абалын чыңдоо багытында кошумча каржы булактарын издөө,инвестиция тартуу багытында иш алыпбаруу жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевге жана улук салыкчы А.Рысбаевге тапшырылсын.
5. 2020-жылдын жазгы айдап себүү жумуштарын уюштуруу жана керектүү өлчөмдө сапаттуу үрөөндөр , жер семирткичтер менен камсыз болушун өз убагында көзөмөлдөп,жазгы айдап себүү иштерин ийгиликтүү өткөрүү жагы айыл өкмөттүн статист-экономист Ж.Жолдошовага,жер адиси Абазовго жана айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөттүн айылдарындагы жеке менчик малдарды алыскы жайлоолорго кеткенге чейиналдын ала жугуштуу ооруларга каршы толук ветеринариялык эмдөөлөрдөн өткөрүүнү жүргүзүү жагы вет.адиси К.Жумабековго,вет.врач Т.Канболотовдорго жана жеке ветврачтарга милдеттендирилсин.
7. Сырттан инвестиция тартуу боюнча иштер жүргүзүлсүн,иш планда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу максатында,долбоорлорду өз убагында өткөрүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге,долбоорлор менен иштөө боюнча адис Б.Ысабаевага милдеттендирилсин.
8. Сессиянын жүрүшүндө аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жөнүндө айтылган сын-пикир, сунуштар эске алынып атайын иш-чара кабыл алынсын, кызматкерлердин иш милдеттери так бөлүштүрүлүп, жогорку жоопкерчиликте иштер жүргүзүлсүн.
9. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевге милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
11. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Тойтиева |
|