Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 157
ДЭУ-30 мекемесинин 2020-жылга жазга карата иш даярдыгы жөнүндө
2019-жыл ичинде ДЭУ-30 мекемесинин аткарган иштери жана 2020-жылга жазга карата иш даярдыгы тууралуу бул мекеменин башкы инженери Сейталиев Эдилдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жыл ичинде ДЭУ-30 мекемесинин аткарган иштери тууралуу бул мекеменин башкы инженери Сейталиев Эдилдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,бул мекеменин кетирген кемчиликтерин эске алуу менен жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. 2020-жылга жазга карата иш даярдыгы Кызыл-Ураан айылындагы 2(эки км.) Горячий асфальт жерин графикте көрсөтүлгөн мөөнөттө баштап жана сапаттуу бүткөрүү жагы ДЭУ-30 мекеме жетекчиси Кенетаев Табылдыгатапшырылсын.
3. Жетиген айылындагы 7 (жети км. ) жерге шагыл төгүүлгөн жолдун жээктерин оңдоп түзөө жана уй сарайдын жанындагы көпүрөнүн кольцосун алмаштыруу иштерин жаз алды менен аткаруу жагы ДЭУ-30 мекемесинин башкы инженери Сейталиев Эдилге жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Тойтиева |
|