Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 158
Көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыялоо жана айыл аймактын тазалыгын сактоо жөнүндө.
Үч-Терек айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү,жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун 3 айлыгын жарыялоо жөнүндө статист-экономист Ж.Жолдошованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү,жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун 3 айлыгыжарыялансын.
2.Үч-Терек айыл аймагындагы Жетиген, Кызыл-Ураан, Саргата, Уч-Терек айылдарына жашааган тургундар жана магазинчилер менен биргеликте көчөлөрдүн, жолдордун айлана-чөйрөсүнүн санитардык тазалыгын жакшыртуу,каналдарды, арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү жана ишембиликтерди өткөрүүнү уюштуруу иш чараларын өзубагында өткөрүү жагы айыл башчыларына,айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге, статист-экономист Ж.Жолдошовага милдеттендирилсин.
3. Жарыяланган үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү боюнча мекеме уюмдарга,жашоочуларга жол жээктериндеги бак дарактардын түптөрүн актоо, таштандыларды чыгартуу, ички арыктарды, каналдарды тазалатуу, жээктерин бекемдетүү архитектуралык талаптарга туура келбеген суу өтүүчү арыктардын жээгиндеги, жол жээгиндеги дарактарды алдыртуу иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Айылдардын тазалыгын жакшыртуу максатында туура эмес жерлерге таштандыларды таштаган айыл элдерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,туура эмес таштандыларды таштаган адамдарга мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Байсабаевге жана статист-экономист Ж.Жолдошовага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана Агрардык комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Тойтиева |
|