Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 159
Суугат иштеринин уюштурулушу,УОС менен айыл өкмөтүнүн иштөө графигинин туура сакталышы жана суугат суулардын берилиши боюнча УОСтун жүргүзгөн иштери жөнүндө.
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда сугат сууну берүү иштеринин жүрүшү,УОСтун айыл өкмөтү менен биргеликте иштөө тартибинин туура сакталышы жана жүргүзгөн иштери боюнча УОСтун Үч-Терек филалынын башчысы А.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда сугат суунун берилишинде УОСтун филалынын башчысы А.Абдыкадыровдун 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Элдин муктаждыгына карап 2020-жылдын суугат суу сезонуна карата арыктарды, каналдарды тазалатуу,жээктерин бекемдеп цементөө, айыл –чарба жерлерин айдап себүү өнөктүгүндө канча суу талап кылынаарын пландап УОС менен келишимдерди түзүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары A.Байсабаевге,айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Суугат сууну Үч-Терек айыл аймагына караштуу айылдарын өз убагында графиктин негизинде камсыз кылуу жана Кызыл-Ураан айылына төкмө учурунда сууну бөлүштүрүүнү колго алуу жагы УОСтун кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Үч-Терек айыл өкмөтү жана УОСтун ортосундагы жүргүзүлгөн иштердин аткарылышы боюнча жалпы элдик жыйынга маалымат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары |
Т.Тойтиева |
|