Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 160
Туруктуу комиссиялардын 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII-чакырылышынын депутаттарынын 2019- жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын жана төрайымдарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Үч-Терек айыл аймактык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 2019- жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Тойтиева |
|