Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 161
Кызыл-Ураан айылындагы тарыхый археологиялык маанидеги Миң-Дөбө көрүстөнүнүн буфердик зонасын сактоо максатында ага жакын аралыкта жайгашкан көрүстөнгө майыт коюуну токтотуп,Миң-Дөбөкөрүстөнүнүн түндүк-батыш тарабынын 300 метр аралыгындагы жайыт жерине жаңы жерге көрүстөндү которууга макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Ураан айылындагы тарыхый археологиялык маанидеги Миң-Дөбө көрүстөнүнүн буфердик зонасын сактоо максатында ага жакын аралыкта жайгашкан көрстөнгө майыт коюуну токтотуп,Миң-Дөбө көрүстөнүнүн түндүк-батыш тарабынын 300 метр аралыгындагы жайыт жерине жаңы жерге көрүстөндү которууга макулдук берүү боюнча айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылындагы тарыхый археологиялык маанидеги Миң-Дөбө көрүстөнүнүн буфердик зонасын сактоо максатында ага жакын аралыкта жайгашкан көрүстөнгө сөөк коюу токтотулсун.
2. Миң-Дөбө көүстөнүнүн түндүк-батыш тарабынын 300 метр аралыгындагы жайыт жерине жаңы көрүстөнгө которууга (трансформациялоого) тиешелүү документацияларын бүтүрүп, көрүстөндү жаңы жерге көчүрүү Үч-Терек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Тойтиева |
|