Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 162
№2245 Жетиген, №2246 Кызыл-Ураан, №2247 Саргата, №2248 Үч-Терек шайлоо участкаларынынучасткалык шайлоо комиссияссиясынын курамын бекитүү жөнундө.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киригизүү тууралу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы беш жыл мөөнөткө түзүлөт. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык -Үч-Терек айыл аймактык айылдык кеӊешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймактык айылдык кенешине караштуу №2245 Жетиген, №2246 Кызыл-Ураан, №2247 Саргата, №2248 Үч-Терек участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн кандидатуралардын курамы бекитилсин.(Тизме тиркелет)
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Тойтиева |
|