Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 165
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Терек айылынын Жумаранды жаңы конушунаардагер, маркум Курман атанын ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Курман ата 1898-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган, улуту кыргыз.Жаш кезинен өзүнө тың,ыймандуу болуп чоңойгон.1916-жылкы үркүндөн кийин жер которуп Ноокен районунда жашап,ал жерде дыйканчылыккара жумушта иштеп,андан кийин Ташман
лесхозунда бир нече жыл бою эмгектенген. Согуш мезгилинде согуш талаасын басып өткөн. Улуу жеңиштен кийин айылына өзүнүн туулуп өскөн жерине кайтып келген.
1946-жылдан 1957-жылга чейин Шопоков совхозунда кара жумушчу болуп эмгектенген.
1957-жылдан 1964-жылга чейинҮч-Терек совхозу жаңы уюшулганда № 4 бөлүмүндө алма-бак чарбасында суугатчы жана кароолчу болуп иштеген.
1964-жылдан 1975-жылга чейин Үч-Терек совхозундагы фермада малчы болуп иштеген.Совхоздо иштеген мезгилде ак эмгегин баалап бир нече жолу мактоо баракчаларын алган.Беш уул,бир кызды татыктуу тарбиялап өстүрүп, кадырлуу ата болуп, 80 жаш курагында 1978-жылы дүйнөдөн өткөн.
Үч-Терек айылынын Жумаранды жаңы конушунун тургундарынын 20-декабрь 2019-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде,Үч-Терек айылдык кеңешинин соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 25-февралындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумаранды жаңы конушуна Орозов Мээримбектин үйүнөн баштап Мыктарбек уулу Куттубекке чейинки үйлөргө ардагер, маркум Курман ата ысымы ыйгарылсын
2. Аталган көчөнүн үйлөрүнө үй номерлерин ирээти менен илүү, көчөнүн тазалыгына көңүл бөлүү, жарыктандыруу жана жолдорун оңдоп түзөө жумуштарын жыл сайын аткарып,көзөмөлдөп туруу жагы көчөгө ысымы ыйгарылган маркум Курман атанын баласы Мундузбаев Маратбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Тойтиева |
|