Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 166
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылынын Кочкор-Ата участкасынын көчөсүнө маркум Курманалиев Кадыралынын ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Курманалиев Кадыралы 1903-жылы Ош областына караштуу Шопоков совхозунун Кызыл-Ураан колхозунда жумушчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген .Алгач эмгек жолун Шопоков совхозунда мал фермасында ардактуу эс алууга чыкканга чейин чабан болуп эмгектенген. Малчы болуп иштеп жүргөн мезгилдеринде, ар кандай жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон. Кызыл-Ураан айылында кадыр барктуу аксакалдардан болуп,үч уул,үч кызга татыктуу тарбия берип жогорку билимдүү кылып өстүргөн .Коомдук иштерде ар дайым активдүү катышкан. Курманалиев Кадыралы 1998-жылы 95 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Жогорудагыларды белгилеп,Үч-Терек айыл аймактык айылдык кеӊешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Ураан айылынын жашоочуларынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №7 протоколунун негизинде Кызыл-Ураан айылынын Кочкор-Ата участкасындагы Кочкор-Атага өткөн көпүрөдөн кийинки Кадыров Ибраим жашаган үйдөн баштап Султанкулов Замир жашаган үйгө чейинки көчөгө маркум Курманалиев Кадыралынын ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган көчөнүн үйлөрүнө үй номерлерин ирээти менен илүү, көчөнүн тазалыгына көңүл бөлүү, жарыктандыруу жана жолдорун оңдоп түзөө жумуштарын жыл сайын аткарып,көзөмөлдөп туруу жагы көчөгө ысымы ыйгарылган маркум Курманалиев Кадыралынын уул,кыздарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Тойтиева |
|