Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 167
Үч-Терек айыл аймагындагы соц.адистин, жана соц. тейлөөчүлөрдүн 2019-жыл ичинде жүгүзгөништери жөнүндө.
Үч-Терек айыл аймагындагы соц. адис, жана соц. тейлөөчүлөрдүн 2019-жыл ичинде жүгүзгөн иштери боюнча соц.адис Г.Жусукееванын жана соц тейлөөчүлөрдүн маалыматтарын угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймактык айылдык кеӊешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы соц. адис,жана соц. тейлөөчүлөрдүн 2019-жыл ичинде жүгүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылында социалдык жактан кызмат көрсөтүү боюнчаҮч-Терек айыл аймагындагы жакыр үй-бүлөө жашоочулардын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган төмөндөгү иштерди аткаруу жагы айыл өкмөттүн соц.адисине жана соц.тейлөөчүлөргө милдеттендирилсин.
-кыйын турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөрдүн жана тоголок жетим,жарым жетим балдардын санын тактоо ,тийешелүү коомдук уюмдарга документтерин өткөрүү жана жөлөк пул же жеңилдиктерди алууга көмөк көрсөтүү,
-тоголок жетим жана жарым жетим балдардын, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, түзүлгөн комиссия менен бирдикте иш жүргүзүү;
-жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулукту, кылмыштуулукту жана суициддин алдын алуу боюнча тегерек столдорду уюштуруп өткөрүү;
-камкорчулукка,көзөмөлчүлүккө жана асырап алууга алынган балдардын үй-бүлөлөрүн көзөмөлгө алуу жана мониторинг жүргүзүү;
-ички жана тышкы мигиранттардын балдары боюнча маалымат түзүү;
-улгайган адамдарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга опурталдуу топтогу адамдарга жеңилдиктерди алуусуна жардам көрсөтүү, материалдык жардамдарды көрсөтүү жана мекеме уюмдарга шефтике бөлүп берүү;
-Улуу Ата Мекендик согуштун ,Афган согушунун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрүү;
-жарандардын суроо талаптарына,кайрылууларына сергектик менен мамиле кылып өз убагында жооп берүү;
3. Аткарылган иштер боюнча квартал сайын маалымат берип туруу жагы соц.адис Г.Жусукеевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Тойтиева |
|