Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 169
Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү”-2 (ПРЖР-2) долбоору аркылуу курулган жууттардын жана сатылып алынган атайын техникалардын элге кызмат көрсөткөн акы тарифтерин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү”-2 (ПРЖР-2) долбоору аркылуу курулган жууттардын жана сатылып алынган атайын техникалардын элге кызмат көрсөткөн акы тарифтерин бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү”-2 долбоорунун алкагы аркылуу келген атайын техникалардын элге кызмат көрсөткөн тарифтери:
Трактор МТЗ 82
- чөп таңгактоо 1 даанасы тилке жиби менен --13 сом,
- жер айдоого соляркасы менен 1 га жерге --2350 сом,
- малалоо соляркасы менен 1 га жерге майы менен-- 840 сом ,
- себүү 1 га жерге соляркасы менен --840 сом.
Экскаватор погрузчик
- 1 саатка иштөөсү 1360 сом солярка ичинде болуп бекитилсин.
2. Мал жууттун тарифи калкуляциянын негизинде 1 баш койго-эчкиге- 14 сомдон болуп бекитилсин.
3. Техникалардын оң абалда туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында техникалык кароодон өткөрүү үчүн 5 адамдан турган көзөмөлдөөчү комиссия түзүлсүн .
4 .Калматов Нурбек, Ажыкулов Байыш, Кадыров Марат,Мамбеткулов Замирбек жана Жапаралиева Розалар көзөмөлдөөчү комиссиянын тобу болуп бекитилсин.
5. Техникалардын ремонт иштерине тетиктерди сатып алууда көзөмөлдөөчү комиссиянын кароосунда керектелүүчү тетиктер сатылып алынсын.
6. Сессиянын жүрүшүндө техникалардын ишин жакшыртуу жөнүндө айтылган сын-пикир, сунуштар боюнча атайын иш-чара түзүлсүн, кызматкерлердин иш милдеттери так түшүндүрүлүп, жогорку жоопкерчиликте иштер жүргүзүлсүн.
7. Техникалардын моточасын контролдоо жана элге көрсөткөн кызмат акыдан түшүүчү каражаттын эсеп учетун жүргүзүү жагы жайыт комитетинин бухгалтери Р.Жапаралиевага жүктөлсүн.
8. Бул токтомду аткаруу жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
10. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Тойтиева |
|