Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 170
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураанайылына күрөш залын куруу жана курууга жер аянтчасын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Ураан айылынын жаштар коому аталган айылга күрөш залын куруу үчүнБекназар атындагыорто мектебинин айланасынан жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысына өтүнүч менен кайрылган.Кайрылуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылынын жаштар коомунун кайрылуусун эске алып, аталган айылдагы Бекназаратындагы орто мектебинин административдик аймагына кирген жерден күрөш залын куруу үчүн 0,04га жер аянтына макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянтына тиешелүү документацияларын бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Тойтиева |
|