Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 1
Багыш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү,2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү,2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жалпы 27117,3 миң сом,анын ичинен жергиликтүү кирешелер 19770,8 миң сом жана республикалык бюджеттин трансферттери 2846,5 миң сом ,атайын каражаттар 4500,0 миң сом жана чыгашалары 27117,3 миң сом өлчөмүндө № 1тиркемеге бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу 2021-жылга 26001,3 миң сомго,2022-жылга 25758,5 миң сом,анын ичинен теңдөө грантынын болжолу 2021-жылга 2281,5 миң сом, 2022-жылга 1968,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Теңдөө грантынын көлөмү 2020-жылга 2846,5 миң сом,Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык биринчи кезекте ( эмгек акы,соц.фонд,тамак-ашка,электр энергиясына жана элге соц.жардам)беренелерине №2 тиркемеге ылайык жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 27117,3 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2019-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.07.2018-жылдагы №205-б сандуу буйругуна ылайыктуу бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү 652,3 миң кВт өлчөмүндө,ал эми 300,0 миң сомдук (119,6 миң кВт) электр энергия үчүн жаңы ачылган «Таалимтай», «Кенже» мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жергиликтүү бюджет эсебинен №4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна,мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине милдеттендирилсин.Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын ( кызмат көрсөтүүлөрдүн)аткарылган көлөмдөрү боюнча карыздарды өз убагында жабуу үчүн айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсүн.Жаңы ачылган мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кошумча лимит суралсын.
6. Мектепке чейиник билим берүү уюмдарында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.12.2016-жылдагы №701 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен кенже тайпаларга 13 сомдон,ортоңку жана жогорку тайпаларга 18 сомдон акча каражаты №5 тиркемеге ылайык бекитилсин,атайын каражат төлөмдөрү ( балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан жыйналуучу каражат)балдардын тамак-ашына башка чыгымдарына 4500,0 миң сом багытталып,казыналык система аркылуу №6тиркемеге ылайык пайдаланылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджетинин Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 220,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
8. Айыл өкмөтүнө караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептердин чыгашалары 1752,4 миң сом №7 тиркмеге ылайык бекитилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403,01.03.2017-ж.№131 жана 07.08.2017-жылдагы №466 «КыргызРеспубликасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун негизинде №8 тиркемеге ылайык,эмгек акы төлөө фонду 5335,8 миң сом,соф.фонд 788,9 миң сом өлчөмүндө 33 штат бирдиги менен бекитилсин.
10. Багыш айыл өкмөтүнүн экономист-статисттин эмгек акысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамын аткаруу максатында Республикалык бюджет эсебинен 265,6 миң сом,соц.фонд төлөмү 39,3 миң сом көлөмүндө каржылануусу белгиленсин.
11. Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды өндүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Калдыбаевге милдеттендирилсин.Жайыт жерлерине социалдык взносторду төлөө жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктөлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттардын эсеби 764,7 миң сом өлчөмүндө ( анын ичинен жайыт жер салыгы 89,7 миң сом,жайыт жерлердин ижара акысы 675,0 миң сом ) № 9 тиркемеге ылайык жалпы жайыт комитетинин чыгашасы 493,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги № 10 тиркемеге ылайык кармалсын жана эмгек акы төлөө фонду 628,2 миң сом,соц.фонд 108,4 миң сом өлчөмүндө 11 штат бирдиги менен бектилилсин.
13. Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн штат бирдиги №11 тиркемеге ылайык эмгек акы 523,4 миң сом ,соц.фонд 90,3 миң сом өлчөмүндө 7,5 штат бирдиги менен бекитилсин.
14. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.05.2016-жылдагы №241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
15. Айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 18.09.2006-жылдагы №672 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
16. 2020-жылга башкаруу бөлүмүнүн 2212 беренеси 34,9 миң сом,2214 беренеси 226,0 миң сом,2215 беренеси 2856,8 миң сом,2221 беренеси 25,0 миң сом,чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 149,7 миң сом өлчөмүндө №12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. 2020-жылга турак –жай комуналдык чарбасынын чыгымдары 2214 беренеси 175,6 миң сом,2215 беренеси ар түрдүү чыгымдар суммасы 50,0 миң сом ,учурдагы ремонт 2221 беренеси 138,6 миң сом,чарбалык буюмдар 2222 беренеси 10,0 миң сом 3111 беренеси 2305,4 миң сом өлчөмүндө №13 тиркемеге бекитилсин.
18. 2020-жылга маданият бөлүмүнүн чыгымдары №14 тиркемеге ылайык жалпысы 1113,7 миң сом;анын ичинен 2211 беренеси 77,0 миң сом,2215 беренеси 325,0 миң сом,2221 беренеси 6,0 миң сом,2222 беренеси 11,8 миң сом,3112 беренеси 6,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
19. 2020-жылга билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2211 беренеси кызматтык сапарлар 45,0 миң сом,2212 байланыш кызматына 40,0 миң сом,ижара акысы 2213 беренеси 420,0 миң сом ,ар түрдүү чыгымдар 2215 беренеси 154,5 миң сом, мүлктү учурда оңдоо 2221 беренеси 103,2 миң сом,чарбалык буюмдарга 2222 беренеси 63,0 миң сом,көмүр сатып алуу 2224 беренеси 448,0 миң сом,2231 беренеси 1890,2 миң сом,3111 беренеси 585,0 миң сом,3112 беренеси 80,0 өлчөмүндө №15 тиркемеге бекитилсин.
20. 2020–жылга социалдык коргоо бөлүмүнүн чыгымдары 2721 беренеси 700,0 миң сом өлчөмүндө №16 тиркемеге ылайык бекитилсин.
21. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ата-энелерден 1 күн үчүн төлөнүүчү каражат Күн-Нуру,Ай-Нуру,Разыбек жана Муратбек МЧББУларга 30 сом өлчөмүндө төлөө белгиленип,чогулган акча каражаты бюджетке толугу менен төлөнүп иштетүү жагы уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин,аталган тартип бузуулар аныкталса 100%республикалык бюджетке чегерүү белгиленсин.
22. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына,ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
23. 2020-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын актаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
24. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
25. Айылдарга иш-план боюнча бөлүнгөн каражаттардын МСА порталынан үнөмдөлгөн көлөмү,башка айылдардын чечилбей калган муктаждыктарына жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
26. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
27. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүн кирет.
Багыш айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Саражиев |
|