Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 4
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин XXII сессиясы күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө келишимди окуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Багыш айыл өкмөтүнүн ортосунда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамынын негизинде түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылуусун жана ишке ашырууну көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Саражиев |
|