Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 5
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Күн-Нуру балдар бакчасынын жер аянты жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Бала айылынын Достук кичи шаарчасында жайгашкан Күн –Нуру балдар бакчасынын 0,48 га жер аянтын муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Бала айылынын Достук кичи шаарчасында жайгашкан Күн-Нуру балдар бакчасынын 0,48 га жер аянты муниципалдык менчикке бекитилип берилсин.
2. Муниципалдык менчикке алууда тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
Багыш айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Саражиев |
|