Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 1/1
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 10-январь күнүнөн баштап Айтмаматов Замирбек Боронович Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
2. Айтмырзаев Майсалбек Мамбеткулович Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|