Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 1/2
Т.Мавлянов атындагы Айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө ” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңеши нин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеккеттик реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|