Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-марты № 2/3
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүндөгү дыйкан базарынын башчысы А.Кушубаковдун 2017-жылга бюджети жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүндөгү дыйкан базарынын башчысы А.Кушубаковдун 2017-жылга бюджети боюнча берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Кушубековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүндөгү дыйкан базарынын 2017-жылга бюжети 450000 сомго бекитилсин.
3. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү дыйкан базарынын 2017-жылга бекитилген бюджетин толтуруу жагы дыйкан базарынын башчысы А.Кушубаковко жүктөлсүн.
4. Кош-Дөбө айылдык дыйкан базарынын топтолгон бюжетинин 20%ын базарда иштеген жумушчулардын эмгек акысына бөлүп берүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
5. Тейлөө шарттарын жакшыртуу,тартипти, тазалыкты жана коопсуздукту сактоо жагы А.Кушубеков жүктөлсүн.
6. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|