Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 2/4
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүндөгү РЭСтин устаты С.Амиракуловдун электр тармагы боюнча берген маалыматы жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүндөгү РЭСтин устаты С.Амиракуловдун электр тармагы боюнча маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. РЭСтин Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү устаты С.Амиракуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Сары-Кашка айылынан Мундуз айылына чейинки эл.мамыларды жаңылоо, айыл арасындагы эски мамыларды жаңылоо, Торук айылындагы А.Абдыллаев атындагы көчөсүндөгү эски эл. мамыларды жаңылоо, трансформаторлордун айланасын корчолоо, эл.счетчиктер менен камсыз кылуу жагы РЭСтин Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү устаты С.Амиракуловко жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|