Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты 2/5
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүндөгү Иринжит гидро бөлүмүнүн башчысы А.Мамыровдун сугат суу боюнча берген маалыматы жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүндөгү Иринжит гидро бөлүмүнүн башчысы А.Мамыровдун сугат суу боюнча маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Иринжит гидро бөлүмүнүн башчысы А.Мамыровдун маалыматы эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын калкын сугат суу менен толук кандуу камсыз кылуу жана Иринжит каналынын 70-пикет деп аталган бөлүгүн ремонтоо иштеринин жоопкерчилигин алуу жагы Иринжит гидро бөлүмүнүн башчысы А.Мамыровко жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|