Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 2/7
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Атана, Чие айылдарында жанаБайкыштак учаскасында таштандыларды тазалоо жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Джолдошевдин кайрылуусун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чие, Атана айылдарында жана Байкыштак участокторунда 1 кап таштандыны ташып кетүү үчүн демилгелүү топко 10(он) сом өлчөмүндө акча каражаты үй ээсинин эсебинен төлөнсүн жана демилгелүү топтун эмгек акысы ошол сумманын ичинде болсун.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы К.Курбанбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|