Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-марты № 2/8
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Джолдошевдин кайрылуусу жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Джолдошевдин кайрылуусун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Джолдошшевдин АРИСтен мал чарба жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун алкагында техника алуу боюнча жазган долбоору жөнүндө кайрылуусунун негизинде Кош-Дөбө айыл өкмотүнүн бюжетинен долбоордогу сумманын 25% өздүк салым үчүн бөлүп берилсин.
2. Долбоордогу аткарыла турган жумуштарды уюштуруу жана техника алып келүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитети К.Джолдошевке жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|