Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 2/9
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Торук, Атана жана Чие айылдарындагы ичүүчү таза суу үчүн төлөө тарифин бекитүү жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Торук, Атана жана Чие айылдарында ичүүчү таза суу төлөө тарифин бекитүү жөнүндө Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Торук, Атана жана Чие айылдарында ичүүчү таза суу үчүн төлөө тарифи 2-вариант менен бекитилсин.
2. Ичүүчү таза сууга тарифтик төлөм боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн экономисти К.Дөөлөтбековга жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тыныбековко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|