Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-августу № 3/1
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2017-жылга аткарган иштери жөнүндө
2017-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча маалыматы жана коомдук угуунун уюштурулуп, аткарылышы тууралуу айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаеванын берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндөгү айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаеванын берген маалыматы канааттандырлык эмес деп табылсын.
2. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаеванын жумуш ордун кароо жагы Айыл Өкмөттүн башчысына сунушталсын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|