Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-августу № 3/2
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүн башчысынын орун басары К.Абдыкааровдун Айыл аймагындагы ишканалар, мектеп жана бала бакча уюмдарында эмгек тартиби жана жогорку органдардын талаптарын мыйзамга ылайык жүргүзүү абалы боюнча маалыматы жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүн башчысынын орун басары К.Абдыкааровдун билдирүүсун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Абдыкааровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл аймагындагы ишканалар, мектеп жана бала бакча уюмдарында эмгек тартиби жана жогорку органдардын талаптарын мыйзамга ылайык жүргүзүү абалын жакшыртуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Тыныбековко жүктөлсүн.
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: |
З.Айтмаматов |
|